Жылуу күндөрдүн башталышы менен сейил бактарда жана сейилдөө аймактарында балдар ойноочу батуттар пайда боло баштады, бул биринчи кезекте балдардын жана алардын ата-энелеринин коопсуздугуна чоң коркунуч туудурат.
2022-жылдын 20-июнунан баштап Биринчи май районунда белгиленбеген жерлерде: сейил бактарда, скверлерде, тротуарларда, бульварларда ж.б.у.с. батуттарды колдонууга толук тыюу салуу күчүнө кирет.
Батуттарды жабык же адистештирилген жайларда, ири соода борборлорунда жана оюн-зоок парктарында гана орнотууга туура келет.
Белгилей кетсек, бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-б «Белгиленбеген жайларда соода жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө» буйругуна ылайык көрүлгөн.