Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева медицина тармагынын өкүлдөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен  И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиясынын нормалдуу жана топографиялык анатомия кафедрасынын башчысы Абаева Тамара Сураналиевна жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Пластикалык реконструктивдүү микрохирургия жана сөөк хирургиясы бөлүмүнүн пластикалык хирургу Сүйүнбаев Рустам Табылдыевич  сыйланды.