“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын отказандары тазаланып, ремонттон өткөрүлүп жатат. Ошондой эле Ленин  районуна караштуу айрым көчөлөрдө эскилиги жеткен суу түтүктөрү алмаштырылып, жаңы түтүктөр орнотулууда. Мисалы, 6 участкага караштуу Чайковский 3 дарегиндеги  суу түтүк алмаштырылып, жаңысы коюлууда.

Белгилей кетсек, жалпысынан ишкананын балансында 66 откана бар. Андан сырткары "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасы 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Коммуналдык ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр ишкананын кызматын алышат. 

Коммуналдык ишкана шаардын батыш тарабын: Жал кичи районун, Газ шаарчасын, Аскер шаарчасын жана Совмин конушун тейлейт.