Борбор калаанын вице-мэри Олег Попиков К.Ататүрк атындагы сейил багында жумушчу жыйын өткөрүп, шаардык кызматтар менен көрктөндүрүү маселесин талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө вице-мэр бир катар тапшырмаларды берди. Ал “Тазалык” муниципалдык ишканасы отургучтарды жана урналарды оңдоп, фонтандары бар объектилерди талаптагыдай формага келтириши керектигин баса белгиледи. Ошондой эле «Бишкекжашылчарба» бак-дарактарды санитардык бутоо, оңдоо-калыбына келтирүү, курулуштарды демонтаждоо жана сейил бактын бардык жеринде керектүү формага келтирүү менен алектенет.

“Бишкекжарык” бир айдын ичинде тышкы жарыктандырууну калыбына келтирет, ал эми “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жамоо иштерин жүргүзүп, тротуарларды жана Ооган согушунун эстелигин керектүү формага келтирет.

Октябрь райондук администрациясына парктын түндүк-чыгыш тарабына дубалга сүрөт тартуу боюнча сынак уюштуруу тапшырылды.