«Ала-Тоо» аквапаркында  № 95-мектептин окуучусунун  өлүмү катталган кайгылуу окуя боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын комиссиясы 2022-жылдын 9-июнунда ишин аяктагандыгын кошумчалайбыз.

Окуу-тарбиялоо процессинде мектеп кызматкерлеринин иш-аракетин уюштура албагандыгы үчүн мектептин директору  Шимова А.С. 2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык, иш берүүчүнүн демилгеси менен  ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошондой эле окуу-тарбия процессине талаптагыдай көзөмөл болбогондугу жана мектептин иш тартибин бузгандыгы үчүн мугалимдердин жана мектеп администрациясынын дисциплинардык жоопкерчилиги белгиленген. Учурда берилген арыздар боюнча 6 мугалим иштен бошотулуп, директордун 2 орун басары иш берүүчүнүн демилгеси менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Баланын апасы менен Бишкек шаарынын вице-мэри Мозгачева В.А., Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.Лосникова жолугуп, муниципалитет тарабынан үй-бүлөгө социалдык кызматкер дайындалды.

Бардык керектүү документтер түзүлүп, юридикалык жардам жана транспорт менен камсыздалып,  тергөөгө жардам көрсөтүлөт.

Учурда укук коргоо органдары бул иш боюнча сотко чейинки кароону (тергөө) жүргүзүүдө, ал аяктагандан кийин тиешеси бар адамдардын кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө толук маалымат берилет.

Бишкек шаарынын мэриясы баланын өлүмүнө жол берген жооптуу адамдарды аныктоо, ошондой эле мындай жагдайларды болтурбоо максатында бул ишти иликтөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүп келет жана мындан ары да көрсөтө берет.

Балдар ар тараптан корголушу керек.

Баланын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.