Көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор тарабынан күн сайын мыйзамсыз жарнактардын жана плакаттардын ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Инспекция "Тазалык" муниципалдык ишканасы  менен биргеликте 153төн ашык жарнак объектисин алды. Чүй проспектиси, Москва, Гоголь жана П. Лумумба көчөсү боюнча штендер, баннерлер, демонтаждалды. Ал эми Тыныстанов көчөсүндөгү темир тосмо алынды.

Алыкулов, Гоголь, Москва көчөлөрү боюнча күркөлөр, жеңилдетилген типтеги 15 объект демонтаждалды.
Учурда бул багыт боюнча дагы  иштер жүрүп жатат.

Урматтуу шаардыктар! Инспекциянын иши  боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:
- Свердлов району боюнча: 0705003137;
- Октябрь району боюнча: 0551551745;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0550070505.