Ленин акимиаты Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору жана Улуттук кардиология жана терапия борбору менен биргеликте «Кан басымыңды бил» жана «Кант диабети» акциясын уюштурду.

Муниципалдык администрациянын жетекчилигине жана аппаратына, райондук кызматтарга, ошондой эле кан басымын, кандагы кантты өлчөөнү каалагандардын бардыгына, Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери жугуштуу эмес оорулардын пайда болуу коркунучунун факторлору, тамекини таштоо жана сергек жашоо образын түзүү  боюнча консультацияларды жана сунуштарды беришти.

Жалпысынан 150дөн ашык адам кан басымын жана кандагы кантты өлчөп, «Гипертония», «Кургак учукту айыктырууга болот», «Алдын алууга болот», «Кант диабети»,  "Инсульт"  деген аталыштарда 200 маалыматтык-билим берүүчү материалдар таратылды.

Акциянын максаты бейтаптарды алдын алуу чаралары, ошондой эле оорулардын себептери, симптомдору жана дарылоо ыкмалары жөнүндө маалымат берүү болуп саналат.