Казак Республикасынын Тараз шаарында милициянын капитаны Газиз Байтасовдун жаркын элесине арналган тоо-велосипед боюнча республикалык ХСС (шорт-трек) веложарышы эркектер, аялдар, өспүрүмдөр арасында өттү.

Биздин өлкөнүн атынан бильярд жана велоспорт боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 7 велоспортчусу катышты.

Жыйынтыгында Шереметова Елизавета 2-орун, Чалова Алимина 3-орунга ээ болушту.

Иш -чара сергек жашоо образын калыптандыруунун маанилүү фактору катары дене тарбия жана спорт менен машыгууну жайылтуу жана жалпы калк арасында велоспортту жайылтуу, велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз спортчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Жарышты Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Спорт жана дене тарбия боюнча комитети, «Казакстан Республикасынын Улуттук Олимпиада комитети» коомдук уюмунун Спорт дирекциясы, «Казакстан Велоспорт федерациясы» коомдук бирикмеси уюштурду.

Спортчуларды чын жүрөктөн куттуктап мындан ары дагы албан-албан ийгиликтерди багындырууларын каалайбыз!