Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун алгачкы адабий чыгармасы - "Гезитчи Дзюйо" аңгемесинин жарык көргөнүнө 70 жыл толду. Шаардык  китепканада Улуу жолдун башталышына - 70 жыл" аттуу адабий кече өткөрүлдү.

Иш -чараны Бишкек шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын директору, КРнын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер К.ДЖ. Дандыбаева ачып, залкар жазуучунун чыгармачылыгынын башталышындагы урунттуу учурларга токтолуп өттү. Алгачкы болуп сөз алган Чыңгыз Айтматтвдун  карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова катаал кезеңдин учурунда Таластын Жийде айылында апасынын чиедей балдары менен кантип күн кечиргендигине кенен  токтолду. Жазуучу, драматург, КРнын  маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибила Пазылов, айтматовтаануучу, жазуучу Папан Дүйшөнбаев, котормочу Асан Акматов алп жазуучунун чыгармаларынын түбөлүктүүлүгүнүн сырларын жана Ч. Айтматовго арналган чыгармалардын тарыхын баяндап беришти.

Адабий кече көңүлдүү музыка кайрыктары менен коштолду. Чыңгыз Айтматовдун сөзүнө жазылган композитор Муратбек Бегалиевдин "Ысык-Көлдү сагынуу" аттуу ырын китепкана кызматкери Нуржахан Асылбашева жогорку чеберчиликте аткарып берди.

Белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев жазуучунун каармандарына арналган ырларын, обончу жана аткаруучу Жайлообек Жумагулов өзүнүн обондуу ырларын көрүүчүлөргө тартуулашты. Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери аткарышкан "Айтматовдун ааламы" аталышындагы театралдык оюн-шоок көрсөтүлдү. Ошондой эле көрүүчүлөргө викторина уюштурулуп, жеңүүчүлөргө  белектер,  сыйлыктар  тапшырылды.