Бишкек шаардык футбол командасы  14 жашка чейинки жаштар курама командаларынын футбол боюнча Кыргыз Республикасынын Кубогунда биринчи орунду ээледи. Турнир Каракол шаарынын борбордук стадионунда өлкөнүн 7 облусунан жана борборунан келген командалар арасында өттү.

Финалдык оюндардын жыйынтыгы боюнча 3 алдыңкы орунга төмөнкү  командалар чыгышты:
1-орун - Бишкек шаары;
2-орун - Ысык-Көл,
3-орун - Ош.

U-14 КУБОГУНДАГЫ МЫКТЫЛАР:
Мыкты бомбардир - Амантур Исаков (Бишкек),
Мыкты дарбазачы - Жавохирбек Акбаров (Баткен),
Мыкты коргоочу - Махаммадиор Хамидуллаев (Ош),
Мыкты оюнчу - Айдар Муратбеков (Бишкек),
Мыкты чабуулчу - Актан Базаркулов (Ысык-Көл),
Мыкты жарым коргоочу - Хе Иннан (Бишкек),
Мыкты калыс - Акыл к Жибек,
Мыкты машыктыруучу - Кошалиев Ахматжан (Бишкек).