Штабдын ишине Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов, КРнын Каржы министрлигинин Биринчи май башкармалыгынын, Биринчи май району боюнча салык кызматынын өкүлдөрү катышты.

Штабда  контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүү жана салыктын түрлөрү, жыйымдар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, ошондой эле болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу үчүн кошумча булактарды аныктоо маселелери каралды.

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 1 млрд 524 млн. 400 миң сом салык төлөмдөрү жана жыйымдары  түшүп, пландын аткарылышы 1 млрд. 387 млн 900 миң сом, башкача айтканда план 109,8%га аткарылган.

Бүгүнкү күндө базарларды кошпогондо, соода түйүндөрүнө 5720дан ашык контролдук-кассалык аппараттарды орнотуу талап кылынса, анын ичинен 5666 контролдук-кассалык аппарат орнотулуп,  жалпысынан 99,1%ды түздү.

Талкуунун жыйынтыгы менен киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча олуттуу сунуштарды киргизүү, кассалык машиналарды ишке киргизүү, ошондой эле кирешелердин аткарылышы боюнча иштерди күчөтүү тапшырылды.