“Тазалык” муниципалдык ишканасы борборубуздагы тазалыкты талыкпай көзөмөлдөп келет. Күн сайын шаардын көчөлөрүн тазалоого 600дөн ашык дворник жана 100 жүктөгүч чыгышат.

Биздин ишкана урналарды жана отургучтарды сырдоо иштерин да жүргүзөт.

Жаш Гвардия бульварында Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин отургучтарды, балдар аянтчаларын сырдадык.
Тазалыкчылар Эмен сейил багындагы «25 табак» жана Тарых музейинин жанындагы фонтандарын жууп тазалады.

Чүй проспектиси менен Павлов көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмолор оңдолду.

Байтик Баатыр көчөсү менен Ахунбаев көчөсүндө 34 таштанды челек сырдалды.

Урматтуу шаар тургундары! Шаардык кызматтардын эмгегин сыйлап, муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууңуздарды суранабыз.