Шаардык "Диалог" маданият үйү жана №2 балдар искусство мектеби жаш шаар тургундарын жайкы эс алууну кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө чакырат!

15-июнь күнү саат 12:00дө №2 балдар искусство мектебинин окуучулары “Музыкалык күн желе” концертин коюшат.

Шаардык маданият үйүнүн алдындагы өспүрүмдөр спорттук шахмат мектебинде күн сайын саат 9:00дөн 17:00гө чейин «Шахмат ойногонду үйрөнөбүз» аталышта сабактар өтүүдө.

6, 13, 20, 27-июнда саат 11:00дө балдар үчүн "Биз театр ойнойбуз" аталышта театралдык студия иштейт.

Урматтуу шаардыктар! Кызыктуу иш-чараларга кош келиңиздер. Сурап билүү телефондору: 0701 77 77 59, 64 48 70.