2022-жылдын 10-июнунда Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп-гимназиясынын базасында Биринчи май акимиаты тарабынан «Мектеп олимпиадасы-2022», «Мен жүрөгүмдү балдарга арнайм», «Жол кыймылынын жаш инспектору» кароо-сынактарынын, «Эр жигит» аскердик-спорттук спартакиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Мектеп окуучуларынын олимпиадасында 46 окуучу жеңүүчү аталып, анын ичинен: 1-орун – 14 окуучу (зымсыз кулакчын), 2-орун – 15 окуучу (смарт сааттары), 3-орун – 17 окуучу (фитнес сааттары) кызыктыруучу белектерге ээ болушту.
Мектеп окуучуларынын райондук  олимпиадасында жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн төмөнкү мектептер баалуу белектер жана Ардак грамоталар менен сыйланышты:

- Т.Сатылганов атындагы №69 ОТКГ;
-  № 70 ОТКГ;
-  №24 МГ;
-  № 6 АОТК МГ.

5-7-класстын окуучулары арасында өткөн «Жол кыймылынын жаш инспектору» сынагында төмөнкү байгелүү орундарды:
1-орун - №54 орто мектептин мектеп окуучуларынын командасы (принтер, акимчиликтин ардак грамотасы);
2-орун - №83 орто мектептин мектеп окуучуларынын командасы (проектор, акимчиликтин ардак грамотасы).
10-11-класстардын окуучулары арасында «Эр жигит» аскердик-спорттук мелдеш болуп, төмөнкү эң мыктылар сыйланышты:
1-орун - №83 орто мектептин мектеп окуучуларынын командасы (проектор үчүн экран, акимчиликтин ардак грамотасы);
2-орун - №69 орто мектептин мектеп окуучуларынын командасы (көп функционалдуу принтер, акимчиликтин ардак грамотасы);
3-орун - №27 орто мектептин мектеп окуучуларынын командасы (принтер, акимчиликтин ардак грамотасы).

«Мыкты мугалим» номинациясы боюнча:
1-орун – №1 интернат мектебинин география мугалими М.И. Сүйүндүкова (ноутбук, акимчиликтин ардак грамотасы);
2-орун - №54 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими П.М. Асылбекова (планшет, акимчиликтин ардак грамотасы);
3-орун - №27 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Кубанычбек к.Калия (смартфон, акимчиликтин ардак грамотасы);
3-орун - № 81 класстын башталгыч мугалими А.С. Кадырова (смартфон, акимчиликтин ардак грамотасы).

«Мыкты жаш мугалим» номинациясы боюнча:
1-орун - кыргыз тили жана адабияты мугалими Ч.Т Таалайбекова (ноутбук, акимчиликтин ардак грамотасы);
2-орун - №86 орто мектебинин англис тили мугалими А.И. Эсенгулова (планшет, акимчиликтин диплому);
3-орун - №78 орто мектебинин башталгыч класстын мугалими Эдил кызы Канышай (смартфон, акимиаттын ардак грамотасы).

"Мыкты класс жетекчи" номинациясы боюнча:
1-орун №15 орто мектебинин химия мугалими М.У. Сатыбалдиева (ноутбук, акимчиликтин ардак грамотасы);
2-орун - №81 орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Э.Ж. Бегалиева (планшет, акимчиликтин ардак грамотасы).