Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов аймактарды салттуу кыдырды.

№15 МАБга тиешелүү аймактар, анын ичинен ирригация, жолдорду оңдоо, канализация, муниципалитеттин карамагындагы бош калган жерлерге гүл бакчаларды куруу, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга байланышкан маселелер боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Андан соң жетекчи өз билемдик менен турак жай курулуп жаткан «Мурас-Ордо» конушуна (No16 МАБ) барды, бул маселелер мыйзам чегинде каралып, эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, турак үйлөр бузуларын белгиледи.

Жеринде кыдыруулар уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.