Өткөн эс алуу күндөрү кезметтик-диспетчер кызматына 85 табыштама келип түшкөн.
Анын ичинде сууну бөлүштүрүү (канализация) көйгөйлөрү боюнча 37 табыштама. Бардык табыштамалар аткарылды жана көйгөйлөр четтетилиди.

Суу менен жабдуу көйгөйлөрү боюнча 36 табыштама.  19 табыштама боюнча авариялар четтетилди, 15 табыштама боюнча иш жүрүүдө.

Мындан сырткары эс алуу күндөрү ичинде суутоптомолордо жана суу өткөрмлөрдө комплекстик иштер жүргүзүлдү.

Суу топтомолордогу 6 скважинада өчүрүү жана күйгүзүү  жүргүзүлдү.

Бишкексууканалдын кезметтик-дщиспетчер кызматы суткасына 24 саат, жумасына 7 күн иштейт.

Ар кандай аварияларды четтетүү негизинен кантип башталат? Жашоочулардан канализация же суу түтүк тармактарындагы болуп жаткан авариялар боюнча маалыматтар келип түшөт.

Жашоочулар башкармалыктын кезметтик-диспетчер кызматына телефон чалышат. Билдирүү келгенден кийин авария тууралуу маалымат диспетчер тарабынан катталат жана авария болгон жерге авариялык бригада жөнөтүлөт. Бузулуулардын белгилери аныкталгандан кийин, авария жеринде четтетилет. Андан кийин аварияларды кантип четтетүү, жалпы абоненттер ичүүчү суусуз калбаш үчүн абоненттердин аз санына тийиштүү болгон кайсыл жерде сууну жабуу керектиги тууралуу варианттар каралып чыгат. Авариялык жана пландык иштер бүткөрүлгөндөн кийин системага материалдарды пайдалануу, катышкан кызматкерлердин саны, пайдаланылган атайын техникалар, жүргүзүлгөн иштердин убактысы боюнча маалыматтар киргизилет.

Авариялык абалдарга ыкчам таасир берүү жана ишти баштоо аварияларды четтетүү убактысын кыскартат.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздерде көйгөй жаралса, 1533 бирдиктүү кыска номуруна же диспетчердин 0312 56-03-20 телефон номуруна кайрылууңуздарды суранабыз.