Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев райондун медицина кызматкерлерин жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленүүчү кесиптик майрамы менен куттуктады.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лира Акунова, Элизабет Алымбаева, Гүлнара Сатыбалдиева, Гүлназ Халилова, Эрмырза Давыдов, Элнура Дуйшекеева, ошондой эле Октябрь районунда  жайгашкан 14 саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү катышты.

Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын  Ардак грамотасы менен өз кесибинин мыкты  билген 39 медицина  өкүлү сыйланды.

Урматтуу медицина кызматкерлери! Жан аябас эмгегиңиздер  жана жогорку кесипкөйлүгүңүздөр  үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана ишиңиздерге ийгилик каалайбыз.