Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорлорунун демилгеси менен аким Максатбек Саргазаковдун төрагалыгы алдында райондун ишкерлери менен жолугушуу болуп өттү.

Жыйынга Свердлов районунун прокурору Гүлнара Акимбаева, МАБдын, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын, Свердлов райондук МСКнын, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси катышты.

Прокурор баяндама жасап, андан кийин прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүндөгү приоритеттүү багыттардын бири ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо экендигин белгиледи.

Менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, ишкердик субъекттеринин чарбалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоо, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу, жагымдуу инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү түзүү максатын белгилешти.

Ошондой эле, Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына ишкердиктин эркиндигинин кепилдиктери жана мүлктү жана инвестицияларды коргоо боюнча мыйзамдардын так аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы менен укук коргоо, фискалдык жана контролдоо органдарынын ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн токтотууну максатка ылайыктуу деп табуу тапшырылган.