Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция тарабынан Туңгуч кичи районундагы №36 үйдүн жанындагы куймак сатуучу жай жоюлду. Алыкулов көчөсүндөгү №11 дарегинде мыйзамсыз курулуш алынды.
Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 114-беренесине ылайык, шаар тургуну Сосновских В. жоопко тартылат.

Кара-Жыгач конушундагы белгиленбеген жерге өндүрүш калдыктарын ыргыткандыгы үчүн 115-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, “Аалам Строй” ишканасы жоопкерчилик тартат. Айып пулдун  суммасы 23 миң сомду түзөт.

Жолдун жүрүүчү бөлүгүн булгагандыгы үчүн 177-берененин 2-бөлүгү менен Жолдошбек у.Б.га 7 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды.

Фактыларга карабастан, айрым тартип бузуучулар күнөөсүн моюндарына алуудан баш тартышты. Алардын иши акыркы өкүм чыгаруу үчүн административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар  болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.