Ленин райондук билим берүү борборунун директору  Таалайгуль Темирканова мектеп алдындагы лагерлердин иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №268-р буйругун аткаруу, ошондой эле жайкы мезгилде балдардын эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузууларды алдын алуу максатында Ленин районунда  8 мектеп алдындагы лагерь ачылды.

Лагерлер №25, №40, №42, №57, №72, №93, №84, №96 мектептеринин базасында уюштурулду.

Бардык мектептерде эс алуу бөлмөлөрү, спорт залдар жана спорт аянтчалар бар. Балдар ар кандай кол өнөрчүлүк ийримдерге, ой-жүгүртүү оюндарына, спорттук оюндарга, чыгармачылык иштерге  катыша алышат.

Ар бир отрядда медициналык аптечка жана медициналык кызматкерлер балдардын ден соолугун, тамак ашын көзөмөлдөп, жашы жете элек өсүрүмдөр менен иштөө инспекторлору лагерь менен иш алып барышып, ар кандай темада жолугушууларды, маектерди өткөрүүдө.
Мектеп лагерлери 8-июлга чейин иштейт.