Свердлов районунун аймагында суу объектилеринин жанында тыюу салынган белгилердин болушу боюнча рейд өткөрүлдү.

Текшерүү муниципалдык администрациянын мурда кабыл алынган «Суу объектилериндеги кырсыктардын алдын алуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө» буйругуна ылайык жүргүзүлдү.

Текшерүүгө акимчиликтин кызматкерлери, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү, МАБдын кызматкерлери катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Курманжан -Датка, Осмонкул, Үсөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнөн ЧЧКнын каналдары текшерилди.

Урматтуу ата-энелер! Белгиленбеген жерлерде сууга түшүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө балдарга маалымат бериңиздер! Анткени, балдардын өмүрү жана коопсуздугу баарынан жогору!