Борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева “Шериктештиктин балдары” VII Эл аралык жаштар форумуна катышты.
Иш-чараны салттагыдай КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши уюштурууда.
Вице-мэр «Туризм» деген темада мастер-класс өткөрдү.
Форумдун катышуучуларын дүйнөнүн каалаган шаарында туризмдин бир түрүн интерактивдүү түрдө көрсөтүүгө, ошондой эле өз шаарлары тууралуу сүйлөшүүгө чакырылган.
Мастер-класстын жыйынтыгында катышуучулар резолюция кабыл алып, анда туризмди өнүктүрүүгө басым жасалып, аны Жогорку Кеңештин жана КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйынтыктоочу жыйындын кароосуна алып чыгуу сунушталды.