“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери адаттагыдай  Чолпон-Ата жана Тыналиев көчөлөрүн кооздошту.

Чолпон-Ата көчөсүндө газондун үстүнө бир жылдык гүлдөрдөн отургузулган  “Бишкек 2022” жазылган гүлзар ачылды. Жазуунун  сары колеус жана кызыл сальвия гүлдөрү кооздоду.

Тыналиев көчөсүн гүлдөн жасалган фонтандар кооздоду. Пеларгония, сальвия, тагетес, георгин, агератум гүлдөрү көчөнүн көркүн  ачып турат.
Эскерте кетсек, бул гүлдөр “Бишкек жашыл чарбанын” күнөсканасында өстүрүлгөн.