Сугат иштери бул шаарга туура кам көрүүнүн негизги быгыты, тартип боюнча эртең менен эрте же кечинде жүргүзүлөт.
Бүгүн таңга маал “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын сугатчылары : Масалиев, Токомбаев, Шабдан Баатыр, Абдрахманов, Медеров, 7- апрель, Жибек-Жолу, Исанов, Карл-Маркс көчөлөрүн жана Тынчтык, Ч.Айтматов проспектилерин арык менен сугарышты.
Сугат менен бир убакта жашыл тосмо менен газондорду жана гүлзарларды кыркуу, отоо иштери Чолпон-Ата, А. Токомбаев жана башка көчөлөрдө жүргүзүлдү.
Ошондой эле Карагачевая көчөсүндө Фере көчөсүнөн баштап Суусамыр көчөсүнө чейин ачык дренаждык тармактарды тазалоо иштери өткөрүлдү.