Шаардык муниципалитет борбор калаанын тышкы көрүнүшүн, инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда.

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле  көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин баса белгиледи.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан  башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.