Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекция Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка кирип кеткен тосмолорду күч менен бошотууга киришти.

Буга чейин шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн  кийин 13 жеңил курулушту ээлери өз ыктыяры менен алышкан. Бирок шаардыктардын баары эле муниципалитеттин эскертүүлөрүнө баш ийишкен жок. Мындай тосмолор инспекция тарабынан толугу менен демонтаждалат, муниципалитет тарабынан 2 тосмо жана 1 темир тосмо алынды. Учурда жолду реконструкциялоо иштери башталды.

Эске салсак, муниципалитет мындан 2 жыл мурун муниципалдык аймакка тосмолорду орноткон үй ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Инспекция тарабынан 5 күндүн ичинде муниципалдык жер тилкелерин өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Жалпысынан 71 үйдүн тосмолору реконструкцияланууга тийиш.

Талапка баш ийбеген үй ээлеринин тосмолору муниципалитет тарабынан демонтаждаларын эскертебиз.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.