«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалымат борборунун күнү-түнү колдоо кызматы 1533 кыска номери боюнча иштейт.

Шаардыктардын кайрылуулары менен иштөө «Бишкексуудканал» башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттардын бири болуп саналат, бул суу менен камсыздоо жана канализацияга байланышкан көйгөйлүү маселелерди тез арада чечүүгө жана жоюуга мүмкүндүк берет.

1533 кыска номуру жана нөөмөт-диспетчердик кызматтын 0312 56-03-20 телефону күнү-түнү,  дем алышсыз жана тыныгуусуз иштейт.

Биздин адистер сизге жардам берүүгө дайым даяр!