Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун маалымат жыйынында турак жай-коммуналдык чарба тармагын жакшыртуу боюнча пландар айтылды.

Сугат тармагын жакшыртуу үчүн 7 скважинаны бургулоо жана 4 сугат скважинасын реабилитациялоо, бул скважиналарга 111,5 км тамчылатып сугаруу системасын орнотуу, 6,4 км ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү пландаштырылууда.

Байтик-Баатыр, Токомбаев көчөсүндөгү сейил бакта скважинаны курууну жана бургулоону аяктоо пландалууда. "Көк-Жар", "Кара-Жыгач" турак-жай массивдеринде Фере, Кокчетавская жана Ужгородская, Айдаралиев, Фиолетовая, Ушаков, Пржевальс, Карагай көчөлөрү боюнча магистралдык канализация тармактарын куруу.

Ошондой эле бардык көмүр отканаларын газга өткөрүп, эл аралык донор уюмдар жана каржы институттары менен Бишкектин абасынын сапатын жакшыртуу боюнча иш алып баруу.