Свердлов районундагы «Бакай-Ата», «Учкун», «Эне-Сай» конуштарында жана Будённый көчөсүн бойлото канализация тармактарын куруу жана монтаждоо иштери жүрүп жатат.
«Бакай-Ата» конушундагы канализация тармагынын жалпы узундугу 4,2 чакырымды түзөт. Бүгүнкү күндө иштин 60% бүттү.
«Эне-Сай» конушунда канализация тармагы 3 этап менен курулууда. 3-этап боюнча канализация тармагынын курулушунун узундугу 667 метрди түзүп, бүгүнкү күндө аткарылган иштердин көлөмү 30%ды түзөт.
Учкун айылында канализация тармагынын узундугу 2,4 чакырымды түзүп, иш 60%га аткарылган.
Будённый көчөсүндө учурда «АРАЙ» ЖЧКсы менен 2,2 км узундуктагы канализация тармагын оңдоого келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө аткарылган иштердин көлөмү 20% түзөт.
Бул багыттагы курулуш иштери уланууда.