«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында көрнөк-жарнактарды, баннерлерди бирдиктүү дизайнга алып келүү иштери улантылууда.

Биринчи май районунун кызматкерлери, борбор калаанын мэриясынын, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү менен биргелешкен рейд өткөрүштү.
Рейд Чүй проспектисинен И.Ахунбаев көчөсүнө чейинки Ю.Абдрахманов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн боюндагы тышкы көрнөк-жарнактары боюнча өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгы менен уруксатсыз 60 жарнама түзүлүштөрү алынып салынды.

Ушундай рейддер туруктуу негизде өткөрүү пландалууда.