№28 орто мектеп-лицейинин базасында Биринчи май акимиаты мектеп лагерлери арасында спартакиада өткөрдү.

Мелдеш спорттун беш түрү боюнча: мини-футбол, аркан тартыш, дартс, ачык оюндар, эстафеталык жарыш боюнча өтүп, ага 300дөн ашык бала катышты.

I, II, III орундарды ээлеген катышуучулар кубок, медалдар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Спартакиаданын максаты балдардын эс алуусун уюштуруу, окуучуларды  спортко тартуу жана сергек жашоого үндөө болуп саналат.