Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Бузуулар жөнүндө” Кодексинин 114-беренесине ылайык, Г.Б.Батыровго, «Эмир» азык-түлүк дүкөнүнө айып салынды.

Жол тилкесине зыян келтиргендиги үчүн 177-берененин 2-бөлүгүнө ылайык «Электросила» ишканасына айып салынды. Алар Рыскулов көчөсүн бойлой электрондук кабелди тартып, асфальт-бетонду кайра  калыбына келтиришкен эмес.

179-беренин 1-бөлүгү боюнча жол жээгинде соода түйүндөрүн уюштургандыгы үчүн Базарбай у. А. айып тартат.

Мыйзамсыз объектилер орнотулган жер тилкелерин өз ыктыяры менен бошотуу боюнча инспекторлор шаардыктарга түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүүдө.

Алсак, Ак-Ордо жаңы конушундагы Алыкулов жана Лущихин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 70 м2 жайкы балдар аянтчасы, Тагай-Бий жана Дулдул кочөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы аянты 100 м2 болгон темир тосмолор өз ыктыяры менен демонтаждалды. Ошондой эле Фучик көчөсүндогү №1 ҮМБнын аймагындагы флюорография пункту дагы ээлери тарабынан алынып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.