Алдыдагы 2022-2023-жылдарга жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Биринчи май районундагы отканалардын даярдыгы текшерилди.

Акимиат «Бишкекжылуулукэнерго» КИ жана МАБдар менен биргеликте №19, 54, 41, 78, 49, 15, 83, 18 мектептердин, №1 мектеп-интернатынын отканаларын, ошондой эле «Бишкекжылуулукэнерго» ишканасына караштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери, "КЕЧ-1", "КЕЧ-2", "Факел", "Клуб", "Геодезия-1", "Урицкий"отканаларын текшерди.
График боюнча кыдыруулар уланууда.

Райондун аймагында  “Бишкекжылуулукэнерго” КИнин 21 откана иштейт.

Райондо: 1 саламаттыкты сактоо обьектиси, 14 мектеп, 2 бала бакча, 1 ЖОЖ, 6 бюджеттик уюм, абоненттердин жалпы саны-4599 түзөт.
1983-жылы пайдаланууга  берилген “Факел” отканасына 38 жыл болду. Ал “Газгородок” конушунда жайгашкан, 1421 адам жашаган 37 турак үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

«Факел» отканасына төмөнкү даректер кирет:

-  Ильмен көчөсү №13, 13а;
- Сельпов көчөсү №№71, 73, 74, 74а, 74б;
- Нарв көчөсү №43а, 43б, 43в, 43г, 62а, 62б, 64, 64а, 64б, 66, 66а, 68, 68а, 70, 72, 74, 76, 78, 80, 80/2, 84, 86, 86/2;
- Профсоюз көчөсү №64, 64/2, 68, 70/1, 70/2, 70/3;  
- Месарош көчөсү №95а.

«Ботсад» отканасы жылуулук энергиясы менен камсыз кылган даректер:  
-  Абай  көчөсү: №95, 97, 99, 101, 103, 105, 107, 111/1;
-  Панфилов көчөсү:  №1, 1а, 1б, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12 «Кашмир», 12а, 13;
-  Ахунбаев көчөсү: №127, 127а, 129, 129а, 129б, 131, 131/1, 131а, 131б;
-  Малдыбаев көчөсү: №2, 4, 6, 7, 8, 9, 11, 13, 16.

«Урицкий» отканасы төмөндөгү даректеги үйлөр үчүн жылуулукту жана ысык сууну иштеп чыгат:
- Баялинов көчөсү: №168, 170, 172, 174, 176, 178, 180, 180а, 180/2, 182;
-  Махатма Ганди көчөсү: №169б, 171;
- Жаш Гвардия бульвары боюнча №173;
-  Урицк көчөсү: №32, 32/1, 32/2, 32/3, 34, 34а, 36, 36а, 40, 42, 44/1.

«Жаш Гвардия» отканасы  Ж.Гвардия бульвары №175, 175а/1, 175а/ 177 жылуулук энергиясы менен камсыз кылат.

Клуб чакан көчөсү №18, 20 жылуулукту «Клуб» отканасынан алат.

Патриса Лумумб көчөсүндөгү  №48а, 139, 139а, 139б, 139в, 141, 141а, 143, 145,  147, 149, 151, 153, 155, 157, 159, 161 үйлөр  «КЭЧ-1»отканасына карайт.

«КЭЧ-2» отканасына төмөнкү даректер караштуу:
- Патриса Лумумб  көчөсүндөгү №48, 50, 52, 54, 56, 58, 60, 62, 64, 66, 68, 70, 72, 74, 76, 78, 80, 82, 84, 86, 88, 90, 92, 94, 96, 97, 98, 100, 102, 104, 106, 108, 110 үй ;
-  Волков көчөсү  №147, 153/1;
- Садыгалиев көчөсү  №107, 109 үйлөр.

Жакын арада биз шаардыктарды жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылган  башка отканалар тууралуу да маалымат беребиз.