Коляска менен көптөгөн километр аралыкты басып өтүү боюнча төрт жолу  Гиннестин рекорддор китебине кирген Түштүк Кореянын  легендасы Чве Чон Хен  Бишкектеги Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборуна келди.

Ал Ысык-Көлдүн тегерегинде саякаттап, ал эми Борбордун тургундарына өзүнүн өмүр жолу, ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Шаардык реабилитациялык борбор күн сайын Бишкек шаарында жашаган 100 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды тейлейт.