Шаардын көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен ишке ашырылып жаткан «Жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жол оңдоо иштерине тоскоолдук жараткан объектилерди бузуу жигердүү жүргүзүлүүдө.

Бир күн ичинде инспекция тарабынан  Биринчи май районунда чектен чыгып кеткен 20 объект демонтаждалды.

Кулатов көчөсүндө Байтик баатыр көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө тарта жана Көлмө конушундагы Мыскал көчөлөрүнөдө демонтаж иштери жүрүп жатат.

Иш процедуралык тартипте жүргүзүлүүдө. Капиталдык куруулардын, тосмолордун жана күркөлөрдүн  ээлерине чек араларды өз ыктыяры менен бошотуу боюнча мурда эскертилген, бирок, тилекке каршы, алар тарабынан эскертүүлөр аткарылган эмес.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылуулар боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.