Район башчысы Русланбек Тагаев Ак-Ордо жаңы конушунда курулуп жаткан 750 орундуу мектептин курулушун текшерди.

Үч кабаттуу мектеп бардык заманбап талаптарга жооп берет. Билим берүү мекемеси үч блоктон турат: окуу корпусу, спорт зал жана актовый зал. Жалпы билим берүүчү мектептин курулушун «Байэл-А-Курулуш» ЖЧКсынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

Андан соң жетекчи №40 орто мектепке 500 орундуу кошумча имараттын курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда курулуш иштери 40%га бүткөрүлүп, газ менен камсыздоо, сырткы каркастарды иштери жүрүп, жерди жакшыртуу иштери да башталууда.

Жал кичи райондогу бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкталган. Бала бакчаны «Улар-Транс» ЖЧКсы подряддык уюму куруп жатат. Заказчы - борбор калаанын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы.

Район башчысы Русланбек Тагаев аткарылган иштердин сапатына канааттанганы менен курулуш иштерин жаңы окуу жылына чейин бүткөрүп, мектеп жана бала бакчаларды пайдаланууга берүү милдетин койду.