99% учурда канализациянын толуп калышынын негизги себептери курулуш таштандыларын, кум жана башка нерселерди агызган тургундардын шалаакылыгы болуп саналат.

Башка заттар – канализациялык тармактардын жалгыз гана көйгөйү эмес. Түтүктүн ичине отуруп калган майлар да бир топ көйгөйлөрдү алып келет, ошонун айынан түтүктөрдүн диаметрлери жана алардын өткөрүү жөндөмдүүлүгү бат азаят. Өткөрмө түтүккө майдын негизги жеткирүүчүсү болуп коомдук тамак-аш жайлары эсептелет.

«Бишкексууканал» ӨЭБнын карамагында 767,5 км канализациялык тармактар, 23 538 кудуктар бар.