Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын жыйындар жайында «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумун колдонуу боюнча пландан тышкаркы кеңешме болуп өттү.

Ага акимчиликтин жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ГАМСУМО) өкүлү, МАБдын жетекчилиги катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тутумду толтурууда пайда болгон орчундуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.

Жыйындын катышуучулары бул багытта бир катар сунуштарды беришип, алдыдагы иш пландарды талкуулашты.

Жыйынтыгында бул системаны ишке ашыруу жана иштөөсүн жолго коюу боюнча иштерди активдештирүү тапшырылды.

Маалымдама: «Санарип аймак» тутуму Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан. «Санарип аймак» тутумунун негизги максаты - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө адистердин ишин автоматташтыруу болуп саналат.