Шаардык “Диалог” маданият үйүндө “Issyk-Kul Open 2022” Эл аралык шахмат фестивалына тандоо турнири өттү.

Турнирге жалпысынан “Диалог” маданият үйүнүн алдындагы шахмат боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин 57 окуучусу катышып, 10, 12, 14 жашка чейинки жана «Б» категориясында ат салышышты. Жыйынтыгында Аманов Асад жана Сагынбекова Жибек 10 жашка чейинки категорияда, 12 жашка чейинки Дуйшеналиев Эльдар жана Асанбекова Розел, 14 жашка чейинки Амиражанов Бекбол жана Токтобекова Азема фестивалга катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Ал эми "В" категориясында: Пак Аарон жана Рахатбеков Тилеген.

Фестиваль 12-22-июль күндөрү Ысык-Көл районунун Корумду айылында өтүп, Казакстан, Өзбекстан жана Россия Федерациясынан гроссмейстерлердин катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара катышуучулардын чеберчилигин жогорулатуу, шахматты Кыргыз Республикасында жана Борбордук Азияда кенири жайылтуу жана шахматчылардын достук байланышын чыңдоо максатында өткөрүлүүдө.

Жаш гроссмейстерлерге жеңиш гана каалайбыз!