«Бишкексууканал» ӨЭБнын оңдоо-курулуш участогунун кызматкерлери Кумарык жана Өзгөн көчөлөрүндө курулуш иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул көчөлөрдөгү суу түтүк линиялары совет мезгилинде коюлган. Бузулуулардын негизги себептери болуп суу менен жабдуу системасындагы суу түтүк тармактарынын эскириши эсептелет. Кайталанган авариялык абалдарды алдын-алуу үчүн Оңдоо-курулуш участогунун адистери суу түтүктүн бир кыйла эскирип калган участокторуна алмаштырууну жүргүзүп турат.

Суу өткөрмө түтүктөрдүн жалпы узундугу  610 метрди түзөт. Диаметри 110мм, 63мм болгон полиэтилен жаңы түтүктөрү.
Жаңы суу түтүктү куруу учурунда кудуктарды куроо жүргүзүлөт. Бүгүнкү күнү 9 суу түтүк кудугу орнотулду.

Жаңы суу түтүк линиялары эксплуатацияга киргизилгенден кийин абоненттер жаңы суу түтүк тармагына кайрадан кошулат. Иш-чаралар  керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз жана ишенимдүү суу менен жабдууга багытталган.

Жаңы суу түтүк тармактарынын курулушун жакынкы арада бүткөрүү пландаштырылууда.