Сыдыков көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Калык Акиев көчөсүнө  чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен  кийин ачылды.

Оңдолгон жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырымды түзүп, тротуарларды жана ирригациялык системаларды иретке келтирүү, жол белгилерин коюу жана жол белгилерин орнотуу менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган. Жол иштери 2022-жылдын башында башталып, 2022-жылдын 7-июлунда аяктады.

Сыдыков көчөнүн жашоочулары, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана кытайлык башкаруучу компаниясынын жетекчиси Маа мырзалар биргеликте ачышты.