7-июлда А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын малахит залында борбор калаадагы жалпы билим берүүчү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.

Мыкты бүтүрүүчүлөргө артыкчылык күбөлүктөрүн калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров тапшырды, ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери муниципалитеттин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.

Артыкчылык аттестаттарын тапшыруу аземи  илгертен бери салтка айланган. Салтанаттуу иш-чараны Билим берүү башкармалыгы уюштуруп, ага  35 бүтүрүүчү жана мектеп жетекчилери катышты. "Алтын" менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, шаардык жана республикалык көптөгөн конкурстардын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары бар. Жалпы республикалык тестирлөөнүн негизинде жогорку балл алгандар  бюджеттик орундарга өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Сыйлык тапшыруу аземинен кийин бүтүрүүчүлөр жана мугалимдер үчүн концерттик программа уюштурулду.

Белгилей кетсек, республика боюнча "Алтын тамганы" 80 окуучу алган, алардын ичинен 32 окуучу Бишкек шаарынын муниципалдык мектептеринин окуучулары (40%). Алтын сертификаттар республика боюнча - 57, алардын 26сы Бишкек шаарынын окуучулары (45%). Быйыл 11-классты 8 263 окуучу аяктады.