Борбор калаанын муниципалитетинде мыкты шаардык долбоорго катышкан жарандардын арыздарын кароо боюнча комиссиянын биринчи отуруму өттү.

Сынактын жүрүшүндө жарандар тарабынан жалпысынан 22 долбоор келип түшкөн. Комиссиянын кароосунун жыйынтыгы боюнча экинчи этапка 17 долбоор өттү. Эми авторлор комиссия мүчөлөрүнө өз долбоорлорун сунуштоо үчүн чакырылат. Эске салсак, сынак 1-апрелде башталып, арыздар 30-июнга чейин кабыл алынган. Сынакка катышуу үчүн арыздар жеке адамдардан да, демилгелүү топтордон да, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардан да кабыл алынган.

Сынактын негизги максаты "жарандар менен уюмдарды жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө тартуу, шаардын актуалдуу маселелерин чечүүнүн мыкты инструменттерин аныктоону стимулдаштыруу, ошондой эле алдыңкы тажрыйбаларды жана демилгелерди киргизүүнүн системалуу механизмин түзүү.