“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын сейил бактарын жана скверлерин жаңылоонун үстүндө иштеп жатышат.

"Революция үчүн күрөшкөндөр" аянтында тазалык кызматкерлери 16 отургучту оңдоп, 12 таштанды урналарын сырдап, 18 жамгыр тосмолорун алмаштырышты. Мындан тышкары,  төрт отургучтун жыгачтары жарым-жартылай алмаштырылып, сырдалган.

Фонтандын гранит плиталары да жарым-жартылай алмаштырылып, аянттын айрым жерлеринде бузулган брусчаткалар алмаштырылды.

Урматтуу шаардыктар! Оңдолгон буюмдарга этияттык мамиле жасоону суранабыз!