Биринчи май акимчилигинде жолдорду оңдоо боюнча райондук штабдын жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучулары 2021-2022-жылдарга Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү концепциясынын экинчи фазасын ишке ашыруунун жүрүшүн карашты. Биринчи май районунун аймагында жалпы узундугу 14,3 чакырымды түзгөн 13 көчөнүн жолдорун реконструкциялоо пландалууда.

Учурда Бөкөнбаевден Чуйковго чейинки Коенкөзов көчөсүндөгү тротуардын курулушу аяктады.

"Ак-Босого" конушундагы Архитектор көчөсүнөн Киргизскаядан ӨКМге(МЧК)  чейинки бөлүгүндө жолдун бөлүгүн асфальттоо иштери бүткөрүлүп, тротуарларда да оңдоо иштери жүрүүдө.

Турусбеков (Манас) көчөсүнүн Ташкенттен Боталиевге чейинки бөлүгүндө жолду реконструкциялоо иштери аяктады. Учурда БЧКга көпүрө куруу иштери жүрүп жатат.

Манас көчөсүн бойлой Баялиновдон Ташкент көчөсүнө чейин 900 метр узундуктагы иштер 90% бүттү.

Кулатов көчөсүндө Каракульскийден Байтик Баатырга чейин, Фатьяновдон Каракульскийге чейинки тилкедеги жолду реконструкциялоо иштери аяктады. Фатьяновдон Байтик Баатырга чейинки аралыкта жол оңдоо иштери жүрүп жатат.

Панфилов көчөсүнүн Медероводон Ахунбаевге чейинки 1000 метр тилкесинде оңдоого тоскоол болгон объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.

Түгөлбай-Ата жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде «Роснефть» май куюучу жайлары менен соттошуудан улам иш убактылуу токтотулду.

Жыйынтыгында түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөргө тоскоолдук жараткан имараттарды жана объектилерди бузуу же демонтаждоо иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди. Инженердик жана коммуналдык кызматкерлерге инженердик тармактардагы жол жумуштарын даярдоону аяктоого тапшырмалар берилди.