2022-жылдын жай мезгилинде борбор калаада муниципалитеттин демилгеси менен "Оберег" РБ коомдук уюму менен өнөктөштүктө "Ысык – Көл – Ден соолук жана үмүт жээги"долбоору ишке ашырылууда.

9-июлда Октябрь районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 29 бала КР ИИМинин Жол кыймылын камсыздоо башкармалыгынын жана "Оберег" РБ кызматкерлеринин коштоосунда Ысык-Көлгө жөнөштү.

Долбоордун максаты-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү 145 баланын ден соолугун чыңдоо реабилитациясы жана социалдык интеграциясы. Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турган борбордун Ар бир районунан 29 бала жана "Оберег" РБнын 29 тарбиялануучусу Көлдүн жээгинде эс алышат.

Алар үчүн Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кажы-Сай айылындагы "Оберег" РБнын Ысык-Көл филиалынын базасында беш маал тамактануусу менен балдар реабилитациялык лагери иштейт.

Балдарга билим берүү процессинде жаңы багыттарды колдонуу менен кошумча социалдык кызматтар көрсөтүлөт: кум терапиясы, флористика, көлөкө жана куурчак театры.

Бул долбоор мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Ысык-Көлдө эс алуусуна гана эмес, аларды социумга интеграциялоого да жардам берет, анткени көп учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үй-бүлөнүн ичинде гана социалдык чөйрөгө ээ болушат, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын колдоого мүмкүндүк берет.