“Ынтымак-2” сейил багында Кыргызстандагы биринчи "SunRent" электрсамокаттардын шеринг ишинин расмий ачылышы болду.

Долбоор шаардын айланасында жайгашкан заманбап жана коопсуз электрсамокаттардын, алар акылдуу кулпу менен атайын токтотуучу жайларга бекитилет.

Каалаган адам атайын тиркеме аркылуу электрсамокаттын кулпусун ачып, керектүү жерге тыгынсыз жете алат.

Электрсамокаттарды шаардын жашоочулары жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген туристтер гана эмес, тамак-аш жана товарларды жеткирүү боюнча ар кандай кызматтардын жана уюмдардын курьерлери да пайдалана алышат.

Эми Бишкек шаарында экологиялык таза транспорт сунушталат, ал абага зыяндуу чыгуулардын көлөмүн азайтып, жол тыгындарынын санын азайтат.

100гө чейин заманбап атайын токтотуучу станцияларды, ошондой эле 1200 электрсамокатты ишке киргизүү пландалууда.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Ninebot MAX электрсамокаттарынын, спорттук велосипеддеринин, Яндекс станциясынын акылдуу колонкасынын, коноктор арасында электрсамокатта чексиз жүрүүлөрдүн 10 сертификаты ойнотулуп, жылдыздардын катышуусунда концерттик программа тартууланды.

Долбоор leasing.express лизинг компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жана Муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын колдоосу менен Кыргызстандын борборунда экологиялык, келечектүү жана коноктор менен шаар тургундары тарабынан суроо-талапка ээ болгон транспорттук шаар SunRent эко-долбоорду өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылууда.

Урматтуу шаардыктар! Жаңы кызматты мобилдик тиркеме аркылуу колдонсо болот, ал төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://apps.apple.com/kg/app/sun-rent/id1534414487