Борбор калаанын мэриясы Эл аралык республикалык институттун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен, Бишкек шаарын 2026-жылга чейин өнүктүрүү программасынын жол картасынын долбоорун талкуулоо жана жыйынтыктоо боюнча семинар өткөрдү.

Семинардын максаты - жол картасын талкуулоо жана жыйынтыктоо үчүн кызыкдар тараптардын жолугушууларын уюштуруу.

Семинарга Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, эксперттик коомчулуктар жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 26-майында Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында шаарды өнүктүрүү боюнча «Бишкек-2026. Жакшыртылган жана жашыл борбор» программасы бекитилген.

Программада шаарды анын жашоосунун негизги багыттары: турак жай-коммуналдык чарба, коомдук транспорт, көрктөндүрүү, экология, социалдык чөйрө боюнча өнүктүрүү белгиленип, шаардын экономикасын жаңы деңгээлге чыгаруу, шаардын бюджетин көбөйтүү жолдору каралган.  Шаарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аны сапаттык жаңы деңгээлге өткөрүү.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы Программанын милдеттерин ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдарды чагылдырган жол картасынын долбоорун иштеп чыгууда.

Жол картасы белгиленген максаттарга жетүү жана Программанын артыкчылыктуу багыттарында көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон конкреттүү иш-чаралардын жана иш-аракеттердин комплексин, алардын мөөнөттөрүн, аткаруучуларын, каржылоо көлөмдөрүн жана булактарын аныктоо менен камтылган. Ал Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык райондук администрациялардын учурдагы (жылдык) иш пландарын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп калат.