«Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана профсоюз уюму тарабынан кызматкерлер арасында футбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Оюнга борбор калаанын төрт районунан, административдик-башкаруу кызматкерлеринен (АМП) жана абоненттик бөлүмдөн 6 команда катышты.

Беттештин жыйынтыгы боюнча АУПтун кызматкерлери жеңишке жетишти. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Калган командалар көңүл жубатуучу сыйлыктарга ээ болушту.

Белгилей кетсек, иш-чара ишкананын кызматкерлери тарабынан көрктөндүрүлгөн футбол аянтчасында өттү.

Биринчи май акимиаты Ала-Арча көчөсүнүн жээгинде жайгашкан футбол аянтчасын ишканага  убактылуу берүү боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасына кат жолдоду. Ошону менен бирге футбол талаасын жана ага чектеш жерди жакшыртуу боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүү шарты менен макулдашылды.