Октябрь районунда экономика тармактарын жана калкты 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штаб өттү.

Штабдын курамына райондук администрациянын өкүлдөрү, «Түндүк электр» ААКсынын Чыгыш бөлүгүнүн, Октябрь райондук билим берүү борборунун, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын, «Бишкекжылуулуктүйүнү» ААКсынын жетекчилери жана МАБдын жетекчилери кирди.

Жыйынтыгында алдыдагы күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу боюнча тапшырма берилди. МАБдын жетекчилерине коммуналдык кызматтарга болгон карыздарды төлөө зарылчылыгы боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү тапшырылды. Мындан тышкары коммуналдык кызматтар билим берүү мекемелериндеги оңдоо иштерин өз убагында бүткөрүлүшүн көзөмөлгө алуусун айтты.

Райондук администрациянын жетекчилиги тарабынан турак жай фондун, жылуулук тармактарын, жылуулук жабдууларын, электр тармактарын, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерин 2022/2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.